Бүгүн, 4-апрелде Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев онлай маалымат берип жатат. Анда ал 2020-жылга карата санариптештирүүнүн артыкчылыктуу багыттары — билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана айыл чарба тармактары экендиги тууралуу маалымат берүүдө.
"Санариптик өнүгүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы Коопсуздук кеңешинде санариптик концепциянын алкагында колдоого алынган. Бул концепция 2019-2020-жылды камтыйт. Анда жарандарды санариптик жактан өнүктүрүү, санариптик форматта билим алуу, экономикалык өсүштү алып келүүсү каралган.
Учурдагы абалды комитет эске алып жаңы мүмкүнчүлүктү түзөт. Ошондуктан биз убактылуу оор мезгилден өтөбүз, ага карабай санариптик технологияларды жакшы колдонушубуз керек. Буга байланыштуу сайттарды иштеп чыктык. Анда атайын телеграм, чат коддору кирди. Саламаттыкты сактоо тармагына дагы иштерди жасап чыгуу милдеттенмелери коюлган. Азыркы тапта ал милдеттер аткарылды", - деди ал маалымат берип жатып.