Кечээ, 16-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.
Сүйлөшүүдө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу маселе, анын таркашына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды. Тараптар координациянын жана биргелешип аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, ошондой эле зарыл маалыматтарды ыкчам алмашуу жана тиешелүү жардамдарды берүү тууралуу макулдашышты.
Телефон аркылуу сүйлөшүүдө ошондой эле Орусиядан импорттолуучу күйүүчү-май, азык-түлүк жана башка товарларды ташуу мурдагыдай тартипте жүзөгө ашырылып жатканы белгиленди.