Кытайда COVID-19 пандемиясынан көз жумгандарды эскерүү үчүн 4-апрель аза күтүү күнү катары жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлап жатышат.
Бул күнү өлкөдө желектер түшүрүлүп, бардык коомдук эс алуучу жайлар жана иш-чаралар токтотулат.
Кытайда коронавирустан жалпысынан 82 миң 456 жаран жабыркап, 76 миң 724 бейтап айыгып, 3 миң 326 адам каза болду.