Коронавируска байланыштуу АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги миграциялык эмес виза алуучулар менен маектешүүнү токтотот

АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги миграциялык эмес виза алуучулар менен сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотот. Мындай чектөө коронавируска байланыштуу киргизилгенин элчиликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, мындай чектөө бир катар мамлекеттерде дагы кабыл алынды.

"17-марттан баштап АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги миграциялык эмес виза алуучулардын тизмесин каттоо жана алар менен маектешүүнү убактылуу токтотот. Мындай чектөө дипломатиялык, расмий типтеги жана иммиграциялык визаларды алууда колдонулбайт. Элчилик виза берүү кызматындагы чектөөлөр канча убакытка чейин созулары белгисиз экенин билдирет. 17-марттан кийинки даталарда миграциялык эмес виза алуу үчүн маектешүүгө жазылгандар менен сүйлөшүү белгисиз мөөнөткө токтотулду.

Эгерде чукул маселе жаралып, АКШнын аймагына тез арада баруу керек болсо consularbishkek@state.gov дарегине кайрылсаңыз болот", - деп жазылат маалыматта.

Элчиликтен кошумчалагандай айрым мамлекеттерге барууга тыюу салынган. Кеңири маалымат менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан