Бир суткада Казакстанда 77 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, анын 18и ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр. Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 105 миң 872ге жетти. Аталган өлкөдө бир суткада 602 адам илдеттен айыгып чыккан. Муну менен жалпы айыккандардын саны 96 миң 899ду түзөт.
1-сентябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 25 миллион 398 миң 619 адам жуктуруп алган. Анын ичинен 16 миллион 736 миң 484 бейтап айыгып чыкса, 849 миң 31 адам каза болду.