Саламаттыкты сактоо министри Жогорку Кеңештин депутаттарынан коронавирус аныкталганын айтты

Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан коронавирус аныкталды. Мындай маалыматты бүгүн, 22-июнда онлайн брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айтты.

Министрдин айтымында, коронавируска карата ПЦР-тест тапшырган айрым депутаттардын анализи вирустун бар экендигин көрсөткөн. Бирок Абдикаримов коронавирус аныкталган депутаттардын аты-жөнүн айта албай тургандыгын билдирди.

Буга чейин, 19-июнда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунун коронавирус илдетин жуктуруп алганы маалымдалган. Өткөн аптанын ишемби күнүндө Ак Үй дезинфекцияланары белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин эки депутаты коронавирус жуктуруп алды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AksyKum
2020-06-22 14:27:23
Бугун кечке кенешип кимди айтып койолу деп эртен айтса керек
+1
-BOSS-
2020-06-22 15:16:09
Күздө боло турчу шайлоого чейин чыдабай эртерээк каникулга чыккылары келип калган го.
-1
Artur_sfera
2020-06-22 22:40:37
Депутаттарга жукса канча акча алышат эми???
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан