Биз социалдык тармакта

Милиция кызматкерлери сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда ар түрдүү фейк фото жана видео маалыматтар тарап жатканына байланыштуу жарандар арасында түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүдө.

"Биринчи Май районунун аймагында милиция кызматкерлери жана акимиаттын өкүлдөрү менен биргеликте азык-түлүк жана жашылча-жемиш сатуучу базарларда, дүкөндөрдө мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн сатуучулар арасында күн сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Азык-түлүктөргө карата бааны көтөрүп жиберүү фактылары катталса, жеринде актылар түзүлүп, сатуучуларга карата чара колдонуу каралууда. Мындан тышкары Биринчи Май райондук жашы жете электер менен иштөө инспекциясы шаардын көчөлөрүн күзөтүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле жашы жете электерге адамдар массалык топтолгон жерлерге барбоо жана жеке гигиенаны сактоо сунушталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG.Kushtarbek
2020-03-18 02:02:58
Давно кылышынар керек еле бирок малатсы азрда кеч емес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан