Штаб: "Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөр карантинге жабылат"

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөр карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

"Облустун аймагында коронавирустун жайылып кетүү жана жуктуруу тобокелчиликтерин азайтуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштамаларын сакташыбыз керек", - деп билдирди өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев.

Ысык-Көл дубанында 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, 3 реабилитациялык борбор жана 19 балдар эс алуу лагери иштейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан