Бүгүн, 14-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйын берли.
Экспресс-тесттер тууралуу. "Пандемия тез арада келип калды. Экспресс-тестти эпидемиологиялык абалды жөндөп туруу максатында колдонуп жатабыз. Жалпы өлкөгө 70 миң экспресс-тест алып келинип, учурда 30 миң даанасы колдонулду. Экспресс-тест жыйынтыкты дароо чыгарып берет. Андыктан товар ташыган айдоочуларга колдонуудабыз. Анткени алар кетиши керек, ошого мындай тесттер керек", - дейт Үсөнбаев.
"Интернет айдыңында дарыгерлер акчасын толук ала электиги айтылып жатат. Кошумча акча качан берилет?" деген суроого "Кошумча акча төлөнүп баштады, жакын арада баары алышат", - деп жооп берди.
"Лейлектеги дарыгерлердин халаты эле бар экен. Алар коргонуучу каражаттарды бергилечи деп жардам сурашууда" деген суроо узатылды. Ага "Мүчүлүштүктөр болуп, аларга коргонуучу кийимдер жетпей калган. Аларга бүгүн, эртең жеткирилет", - деди орун басар.
"Ымыркайлар коронавирусту кандай көтөрүүдө?" деген суроого "Учурда алардан оор белгилери байкалган жок. Баары дарыгерлердин көзөмөлүндө болушууда", - деди министрдин орун басары.
Коронавирустун күчөгөн маалы 20-апрелден 24-апрелге чейин күтүлүп жатканын билдирди Үсөнбаев.
"Санитардык-карантиндик постто иштеп жаткан кызматкерлердин тамак-ашы, транспортун ким камсыз кылууда?" деген суроого "Компаниялар жардам көрсөтүүдө жана ишканалар да өздөрү уюштуруусу тууралуу буга чейин айтылган", - дейт министрдин орун басары.
Менчик лабораториялар менен иштешүү тууралуу. "Бонецкий лабораториясы менен мамлекеттик лаборатория иш алып барат деген пландар бар. Буюрса, шаймандар келсе, эмки апта ишке кирет",- деп билдирди.
“Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды. Чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдеринен коронавирус аныкталган жок. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылды”, - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Учурда коронавирус инфекциясына байланыштуу 5 жарым миңге жакын медицина кызматкери иштөөдө.
Бейтаптардын абалы тууралуу:
Ооруканада 354 бейтап жатат. Алардын 13ү оор абалда, жандандыруу бөлүмүндө 9у бар. 341 жарандын абалы канааттандырарлык.
Жаш курагы боюнча алганда:
1 жашка чейинки ымыркайлар - 3
16 жаштан 19 жашка чейин - 12
20 жаштан 35 жашка чейин - 106
36 жаштан 55 жашка чейин - 162
55 жаштан жогору - 110 жарандан коронавирус аныкталган.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 430га жетти. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 128
Ош шаары – 59
Чүй облусунда – 28
Бишкек шаары – 77
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.
Катталгандардын ичинен 230 аял, 200 эркек.
14-апрелге карата COVID-19 вирусун жаңы жуктурган 11 жаран катталды. Алардын ичинен:
Бишкекте – 8
Чүй облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 2
Жаӊы катталгандардын ичинен 6 аял, 5и эркек.