Жалал-Абад шаарында медициналык бет каптар тигиле баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу медициналык бет каптар тигиле баштады. Бул багыттагы шаар мэринин демилгесин "Баяна стиль" тигүү цехи ишке ашырып жатат. Бет каптар атайын жумшак кездемеден (марли) күнүнө миң даанадан ашык санда даярдалууда.
Бүгүн шаар башчысы аталган жайга барып иштин жүрүшү менен таанышты. Эми сүйлөшүүлөрдүн алкагында даярдалып жаткан бет каптарды жергиликтүү дарыканаларга жеткирүү жагы жолго коюларын айтты. Көрүлүп жаткан бул аракеттер өлкөдөгү, анын ичинде Жалал-Абад шаарындагы эпидемиялык кырдаалды туруктуу сактоо экендигин белгиледи.