Бүгүн, 17-март саат 17:00гө карата коронавирус менен ооруган алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси төмөндөгүчө:
1. Кытай - 81 миң 58 (9-мартка карата 80 миң 735)
2. Италия - 27 миң 980 (7 миң 375)
3. Иран - 14 миң 991 (7 миң 161)
4. Испания - 9 миң 942 (911)
5. Түштүк Корея - 8 миң 320 (7 миң 478)
6. Германия - 7 миң 588 (1 миң 151)
7. Франция - 6 миң 655 (1 миң 209)
8. АКШ - 4 миң 661 (564)
9. Швейцария - 2 миң 330 (332)
10. Улуу Британия - 1 миң 553 (319).
Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталгандардын жалпы саны - 183 миң 356. 9-мартта бул көрсөткүч 111 миң 228 адам эле. Буга чейинки экинчи орундагы Түштүк Корея бешинчи сапка түштү. Ал эми экинчиликти Италия ээледи. Испания жетинчиден төртүнчү орунга көтөрүлдү. Буга чейинки ондукта болгон Япония кийинкиде жок, ондукка кирбеген Улуу Британия бул сапар кошулду. Коронавирус менен ооругандар катталган өлкөлөрдүн саны 150дөн ашуун.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкө тууралуу маалымат окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.