Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов калк үчүн уюштурулган азык-түлүк жардам тууралуу маалымат берди. Министрдин онлайн маалымат жыйыны Өкмөт үйүндө өттү.
"Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган эсепке 13 миллион 534 миң 795 сом түшсө, ЭЛСОМ аркылуу 21 миң 643 сом түштү. Түшкөн каражаттын 12 миллион 379 миң сому бардык облустарга муктаждыктарга жараша бөлүнүп берилди", - деди министр.
Министр Азамат Жаманкулов калкка көрсөтүлүп жаткан жардам тууралуу маалымат берип жатканын мындайча түшүндүрдү. "Негизи жардамга муктаждар көп болгондуктан Жаштар иштери жана дене тарбия, спорт мамлекеттик агенттиги жана министрликтин кызматкерлеринен атайын жардам штабы түзүлгөн. Ошол штабдын ишине жооптуу киши мен болгондуктан, көрсөтүлүп жаткан жардамдар тууралуу маалымат берип турам".
"Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 170 миӊ 16 муктаж болгон үй-бүлө гуманитардык жардам алды. Алардын ичинен “Жардам штабы” аркылуу азык-түлүк жардамын Бишкекте 13 миң 217 үй-бүлө алды, ошондой эле башка каналдар аркылуу 20 миң 888 үй-бүлө жардам алды. Ошто – 7 миң 235, Чүй облусунда – 29 миң 153, Ош облусунда – 38 миң 405, Баткен облусунда – 7 миң 654, Жалал-Абад облусунда – 25 миң 397, Нарын облусунда – 5 миң 249, Талас облусунда – 6 миң 623, Ысык-Көл облусунда – 16 миң 195 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.
Калган үй-бүлөлөргө жардам таратуу улантылып жатат".
"Өлкөдө 359 миң 703 аз камсыз болгон үй-бүлө бар. Алардын эң көбү Бишкек шаарынын тургундары. Бүгүнкү күндө муктаж болгондордун 70-75 пайызына кайрымдуулук фонддору, мамлекет жана жеке ишкерлер тарабынан тиешелүү жардам берилди", - деди министр.
Бишкек – 49 миң 47;
Ош – 27 миң 778;
Чүй облусу – 52 миң 21;
Ош облусу – 54 миң 194;
Баткен облусу – 26 миң 641;
Жалал-Абад облусу - 66 миң 20;
Нарын облусу – 23 миң 966;
Талас облусу – 15 миң 68;
Ысык-Көл облусу – 44 миң 968.