Медициналык бет каптар кошумча нарк салыгынан бошотулду

Кыргыз өлкөсүнө жеткирүүдө жана импорттоодо медициналык бет каптар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду. Тийиштүү чечимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта мындай чечим калкты медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылат.

"Өлкөдө кошумча нарк салыгы 12 пайызды түзөт. Коронавируска байланыштуу суроо-талап жогорулагандыктан, дарыканаларда медициналык бет каптардын баасы бир нече эсеге кымбаттап кеткен. Ошого байланыштуу өкмөт бет каптарга болгон салыкты жоюуну чечкен", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жалал-Абадда 3 Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталганын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан