ТИМ: "Казакстан, Өзбекстан, Орусиядагы Кыргыз жарандары өлкөгө авиакаттам аркылуу келе алышпайт"

Казакстан, Өзбекстан, Орусиядагы Кыргыз жарандары өлкөгө авиакаттам аркылуу келе алышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов маалымат жыйында билдирди.

"Кыргыз өлкөсүндө жүргөн чет элдик жарандар өлкө аймагынан тоскоолдуксуз чыга алышат. Ал эми Кыргыз жарандары Казакстан, Өзбекстан, Орусия чек араларын жапканга байланыштуу келе алышпайт. Эгер авиакаттамга билет сатып алгандар болсо, анда Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигине кайрылышсын. Биздин дипломаттар аркылуу жарандарыбызды автобус аркылуу алып келүү жөнүндө аталган мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз", - деп билдирди Абдрахманов.

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы Элчилигинин дареги жана байланыш номурлары:

Дареги: 119017, Москва, Большая Ордынка көчөсү, 64

Почта: kgembassy.ru@mfa.gov.kg

Байланыш номуру: +7 (499) 237-48-82

Ишеним телефону: +7 (499) 237-65-65

Факс: +7 (495) 951-60-62

Кыргыз өлкөсүндөгү байланыш номуру: +996 (312) 66-06-75

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
leilekstan_1987
2020-03-18 14:24:30
Мен Москвадамын 27- мартка билет алгам. Москва Ош авиа каттамы м.н. биз ошондо автобус м.н кетебизби? Орусиядагы кыргыз дипломаттары м.н кантип байланышабыз. Супер инфо ушул маалыматты тактап бериниздерчи
+1
Tynar1213
2020-03-18 18:44:51
leilekstan_1987, элчиликтин номери турат го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан