Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 1 адам көз жумду. Каза болгон жаран Бишкек шаарында катталганын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Республика боюнча каза болгондордун жалпы саны 1 миң 499ду түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 470, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1 миң 29.