"Кыргыз өлкөсүндө жасалма дем алдыруучу аппараттар жетиштүү" дейт министр

Бүгүн, 19-мартта Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус боюнча маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында министр обсервацияда жаткандардын ден соолугунун абалына карап, 2-3 жолу анализ алып жаткандарын айтты.

"Жасалма дем алдыруучу аппараттар өлкөдө жетиштүү. Кытайдын тажрыйбасы боюнча ооруган адамдардын 5 пайызы гана жасалма дем алдыруучу аппараттарга муктаж", - деди министр.

Коронавируска чалдыккан бейтаптарда оор дем алуу жана кургак жөтөл байкалат. Ал эми ар бир потенциалдык оорулуудан эки жолу анализ алынат: алгач өлкөнүн аймагына киргенде жана карантинден чыкканда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adil18
2020-03-19 11:23:37
Космосбек Чолпонбаев жасалма дем алдыруучу аппарат канча даана бар Бишкек,Ош,Жалал-Абад шаарларында?
Жетиштуу деп эле айта берет экенсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан