Ошко Новосибирск шаарынан "Сибирь" авиакомпаниясы менен кечээ, 7-июлда 173 Кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, келгендердин арасында кичинекей балдар бар.
"Жүргүнчүлөрдүн тизмеси өлкөгө кайтуусу зарыл болгондордун берген арызынын негизинде түзүлгөн. Алардын катарында кош бойлуу келиндер, баласы бар аялдар, кары-картаңдар, операция болгондор жана студенттер бар", - деп жазылат маалыматта.