Коронавирустан улам каза болгон адамдын сөөгү тирүү адамдарга вирус таратпайт. Бул тууралуу кечээ, 17-мартта Женева шаарында өткөн жыйында Бүткүл дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюмунун өкүлү Кристиан Линдмайер билдирди.
Анда журналисттер мекеме өкүлүнө коронавирустан каза болгон адамды жерге бергенге катышкан адамдарга COVID-19 жугуу коркунучу жокпу деген суроо узаткан. Анда ал бул боюнча кабатырланууга негиз жок экенин билдирген.
“Коронавирус жуктурган адамдын денеси эч кандай вирусту таратпайт. Вирус Эбола сыяктуу эмес, тирүү организмден гана, тагыраагы, чүчкүрүү, шилекей жана башка жолдор аркылуу жугат. Өлгөн адамдан вирус жугат деген акылга сыйбай турган нерсе”, - деп билдирген ал.