Коронавирус илдети өлкөдө алгач катталганына жакында 4 ай болот. Бирок өкмөттүн калкты маалымат менен камсыздоосу дале жетишсиз болуп жатат. "5G коронавирус таратабы, чиркей аркылуу дагы илдет жугабы? Арак жардам береби?" деген сыяктуу суроолор эл ичинде дале актуалдуу. Ушул жана башка мифтер тууралуу республикалык штаб маалымат таратты.