Ош шаарында кайсы тармактар иштей баштаганы айтылды

Бүгүн, 1-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди. Анда мэр Ош шаарында биринчилерден болуп кайсы тармактар ишин баштай тургандыгын айтты.

"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Ош шаарында өзгөчө абал алынган жок. Өкмөт тарабынан негизги делинген ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилип жатат. Ош шаарын айтып кете турган болсок, этап-этабы менен уруксат бере баштадык. Негизгисинен 7 тармакка уруксат берилип жатат. Булар, өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү, курулуш тармагына, транспорттук каражаттарды оңдоо, жеке, мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүүсүнө, соода чөйрөсүнө, чач тарачтар жана сулуулук салондорго жана такси кызматына уруксат берип жатабыз", - деди Сарыбашов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2020-05-01 12:32:07
Онлайн уруксат ала албай жатабыз такси кызматына кайсыл жерден алабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан