Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска дыкат көңүл бурулуп жаткандыгынын себебин айтты

"Коронавирусту үй шартында дарылоого болобу?" деген суроого саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков бүгүн, 18-мартта өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында төмөндөгүдөй жооп берди.

"Эмнеге бул вируска өзгөчө көңүл бурулуп жатат? Мисалга алсак, сасык тумоодон миллиондогон адамдар каза болуп жатышат. Бирок ал изилденген илдет, коронавирус толук изилденип бүтө элек. Ошондой эле бул вируска каршы вакцина иштелип чыга элек. Ошондуктан ага карата эл өзгөчө кооптонуу менен мамиле жасап жатышат. Мисалы, дүйнө жүзүндө сасык тумоо менен ооругандар миллиондоп саналат. Ал эми андан каза болгондор 300 миңден 600 миңге жетет. Үй шартында жеке гигиеналык эрежелерди сактоо керек. Кытайда айыккандардын саны күн санап өсүүдө", - дейт Исаков.

Министрлик: "Коронавирус жуктурган 3 адам менен чогуу келген 135 жүргүнчү тең карантинге алынды"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан