
АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Флорида штатында добуш берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, шайлоо күнү Дональд Трамп Вашингтондо болсо, жубайы Мелания Трамп Флорида штатынын Палм Бич шаарындагы шайлоо участкасына келип, добуш берди. Ал эми Трамп бир апта мурун шашылыш түрдө Флорида штатында добуш берген. Алардын үй-бүлөсү аталган штатта расмий түрдө катталган.
"Бул шайлоо күнү болгондуктан келип добушумду бердим" деген Мелания Трамп.
Мындан тышкары, Мелания Трамп коронавирус менен ооруп, айыкканына карабай бет капсыз келгени айтылат маалыматта.
Бүгүн, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп жатат. Негизги таймаш учурдагы президент Дональд Трамп менен мурдагы вице-президент Жо Байдендин ортосунда болууда. Шайлоонун жыйынтыгы эртең, 4-ноябрда белгилүү болот.