Умрадан келген кочкорлук жарандын үй-бүлөсүндө 8 адам бар экени белгилүү болду

Нарын облусунун Кочкор районунда кичи ажылык зыяратынан келген жаран изоляцияга алынганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Ал эми өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы изоляцияга алынган жарандын үй-бүлө мүчөлөрү дагы текшерүүдөн өтүшкөнүн кабарлады.

"Умрадан келген жаран такси менен ооруканага келген. Ал изоляцияга алынып, тест тапшырды. Тест Бишкек шаарындагы лабораторияга жөнөтүлдү. Изоляцияга алынган жаран такси кызматы менен келгендиктен, айдоочу дагы текшерүүдөн өттү. Ошондой эле умрадан келген жарандын үй-бүлөсүндөгү 8 жаран дагы текшерүүдөн өтүп, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - дешти маалымат кызматынан.

Бүгүн, 18-мартта коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 3 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан 12-мартта учуп келишкени айтылды. Жабыркагандардын бири 1958-жылы туулган, экинчиси 1974-жылы туулган, ал эми үчүнчүсү 70 жаштагы жаран экенин саламаттыкты сактоо министри билдирди. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгон, азыркы учурда баары обсервацияга алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Arina07
2020-03-18 22:24:22
Баарынар Умра эле деп жатасынар. Башка жактарды да жакшы карагыла эми. Эртен дагы кашайып бир мамлекетти айтып отурбагыла ошол жактан келген адамда вирус аныкталды деп!!!
0
Kairat1996
2020-03-18 22:26:38
Умрага барып бейишке чыкпайсынар. Калп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан