Кечээ, 12-июлда Бишкекке Москвадан дарыгер жана медкызматкерлердин экинчи тобу учуп келгенин республикалык штабдан кабарлашкан. Бирок аларды аэропорттон эч ким тосуп албай койгонун Шахмат федерациясынын вице-президенти Жаныбек Асанбеков социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
Бул кабар эл арасында талкуу жаратып, өкмөттү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин сынга алгандар болду. Буга байланыштуу социалдык тармактын колдонуучулары башка мамлекеттерде сырттан жардамга келген дарыгерлерди кантип тосушканын АКШ менен Кытайдын мисалында көрсөтүп, сүрөттөрдү жарыялашкан.