Благовещенка айылынын тургуну: "Айылдын негизги гана көчөсү дезинфекцияланды. Мисалы, менин көчөмө келген жок"

Өзгөчө кырдаал жарыяланган Сузак районуна караштуу Благовещенка айылынын тургуну айыл толук дезинфекция болгон жок деп SUPER.KG порталына билдирди.

"Благовещенка айылы учурда карантинде. Бирок кечээ, 19-мартта айылдын негизги гана көчөсү дезинфекция болду. Мисалы, мен жашаган көчөгө келген жок. Биз көпкө күттүк. Бүгүн дагы биз жакка келет деп күтүп жатабыз", - деп билдирди айыл тургуну.

Кечээ, 19-март күнү Өзгөчө кырдаал жарыяланган Сузак районуна караштуу Благовещенка, Бостон жана Орто-Азия айылдарына санэпидемстанция жана ӨКМнын кызматкерлери бир күндө бир канча жолу көчөлөрдү, үйлөрдү дезинфекция кылышканы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан