Обсервацияга алынган кош бойлуу жарандар жана онкологиялык оорулуулар башкалардан обочолонгон изоляторго жайгаштырылууда дейт министр

Обсервацияга алынган кош бойлуу жарандар жана онкологиялык илдет менен ооругандар башкалардан обочолонгон изолятордо жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Өкмөт үйүндө өткөн жыйында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Жыйында министр обсервациялардын шарты тууралуу айтты.

"Албетте, обсервация бул мейманкана же үй шарты эмес. Бирок ал жакта душ жана бардык санитардык-гигиеналык шарттар бар. Ошондой эле үч маал тамак берилет. Медиктер күнү-түнү иштеп, медициналык көзөмөл жүргүзүүдө. Чет жактан келген онкологиялык оорулуулар, бөйрөгү ооругандарга өзүнчө изолятор даярдалган. Кош бойлуу айымдар дагы башкалардан обочолонгон изоляторго жайгаштырылууда. Обсервацияларда медицина кызматкерлери, ӨКМ иштеп жатат", - деди министр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан