Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев орун басарларын дайындады

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев орун басарларын дайындады. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Алар:

Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин кол башчысы, полковник Алмазбек Карасартов - мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын аймагында бөлүштүрүлгөн аскер бөлүктөрүнүн кызматташуусун жана колдонууну уюштуруу боюнча;

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов – социалдык-экономикалык маселелер боюнча;

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Канат Жумагазиев – коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоо боюнча;

УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Нурлан Дүйшекеев – конституциялык түзүмгө, суверенитетке укукка каршы кол салууларды жоюу жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү башка маселелер боюнча.

Бишкек комендатурасынын жетекчилигинин чечимдерин жана көрсөтмөлөрүн өз убагында ишке ашырууну жана көзөмөлдөөнү камсыздоо максатында комендатуранын алдында ыкчам штаб жана катчылык түзүлдү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан