Германияда коронавирустун экинчи толкуну башталганы айтылды

Германияда "Marburger Bund" дарыгерлер союзунун жетекчиси Зузанне Йона коронавирустун экинчи толкуну башталганын билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, учурда аталган өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталды, бирок ал мурунку март-апрель айына салыштырмалуу алсызыраак.

"Биз экинчи толкунду өткөрүп жатабыз" деген Йона.

Анын айтымында, экинчи толкун биринчи март-апрель айына салыштырмалуу алсызыраак. Ошого карабастан илдеттен жабыркагандардын саны өсүп жатат. Мындан сырткары германиялык клиникалар экинчи толкунга даярдык көрүшкөн.

Германияда 212 миң 328 адамдан илдет аныкталса, 194 миң 8 бейтап оорудан сакайган. Тилекке каршы, 9 миң 161 адам каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан