Депутат: "Кытайдын вирусунан эмес, Кытайдын өзүнөн жеңилген эмеспиз"

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеш коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулууда.

Анда депутат Рыскелди Момбеков "Кытайдын вирусунан эмес, Кытайдын өзүнөн жеңилген эмеспиз" деген пикирин айтты.

"Коронавирус дүйнөдөн келген коркунуч. Өкмөт мунун аракетин кылып жатат. Аракетиңиздер жакшы десем жаңылбас чыгармын. Биз бул нерсени дүрбөлөң, саясат кылбашыбыз керек. Кылым карыткан кыргыз мындан оор учурду да башынан өткөргөн. Кытайдын вирусунан эмес, Кытайдын өзүнөн жеңилген эмеспиз. Кандай гана кырсык болбосун кыргыз дем салдырып, укол сайдырып чыгып кеткенбиз. Кыргызды кырсыктар, кытайдын бет кабы куткарбайт, кыргыздын маркасы куткарат. Кыргыздын гени, деми күчтүү, кыргыз эли, жери касиеттүү. Иммунитетти, маанайды түшүрбөө зарыл. Иммунитетти түшүрбөш үчүн кыргыздын тамагы керек. Тамашалап айтсам, Шакинин анча-мынча арагы керек. Дүйнө бардык оюндарын токтотту. Дүйнө чемпиондугу токтотулуп жатат. Биз болсо жергиликтүү кеңештин шайлоосун токтото албай жатабыз", - деди Момбеков.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эске алына турганын айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан