Депутат коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерге кошумча сый-акы берүүнү сунуштады

Депутат Алмазбек Баатырбеков коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерге кошумча сый-акы берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Казакстан менен Орусиянын чек арасында турган мекендештерибизге дипломатиялык бардык жол-жоболордун негизинде Кыргыз мамлекетине кайтаруу жагын чечүү керек. Ошондой эле коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерге кошумча сый-акы берүүнү сунуштайм", - дейт Баатырбеков.

Учурда Жогорку Кеңеште коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан