Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 26-майда өлкөдө коронавирустун 2-толкуну башталганын маалымдаган. Ал "Өлкөдө абал оор, биз коронавирустун 2-толкунуна туш болдук" деп жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырып, сактабагандарга айып салууну айткан. Арменияда бул инфекция 8 миң 216 адамга жугуп, анын ичинен 113ү каза болгон.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин да коронавирустун 2-толкунуна даяр болуу керектигин айткан. "Инфекциянын экинчи толкуну Орусияда күз айларында болот жана өлкө буга даяр болушу керек", - деген ал.
Иран да күз айларында коронавирус инфекциясынын кийинки толкуну болот деп боолгоп, ага даярдык көрө баштады. Бул тууралуу өлкө президенти Хасан Рухани билдирген. "Биз кийинки толкунга даярдануу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз" деген Рухани. Бул өлкөдө инфекция 142 миң адамдан аныкталып, 7 миң 564 бейтаптын өмүрүн алган.
Казак басылмалары дагы өлкөнүн башкы санитардык дарыгердин айтканына таянып, өлкөдө бул инфекциянын экинчи толкуну сасык тумоо күчөгөн маалда башталышы мүмкүндүгүн жазышууда. "Сасык тумоо күз мезгилинде күчөйт, ушул учурда коронавирустун 2-этабы башталышы мүмкүн" деген башкы санитардык дарыгер. Бирок ал бул болгону божомол экенин, абал жарандардын аны жайылтпоого арналган эрежелерди сактаганынан көз каранды болорун белгилеген.
Кыргыз өлкөсүндө да саламаттыкты сактоо тармагы боюнча эксперттер коронавирустун экинчи толкуну күз айларында болорун боолгоп жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы кызматкери Елена Баялиева саламаттыкты сактоо боюнча эксперт Нинель Кадыровадан алган интервьюсун жарыялаган. Анда эксперт Кыргыз өлкөсү инфекциянын экинчи толкунуна даярдана берүүсү туура болорун айткан.
"Азыр бир топ эле адамдарда оору белгисиз өтүп кетти. Айрымдарда жеңил формада болгондуктан этибар албай калышты. Дарыгерлерге кайрылышкан жок. Бирок вирус кетип калган жок да, ал мутация болот да бир күн кайра козгойт. Өлкөнүн күзгө чейин бул абалга даярданып алууга убактысы бар", - деп айткан ал.
Жалпылап алганда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун экинчи чокусу жөнүндө эскерткен. Уюмдун өзгөчө кырдаалдар программасынын жетекчиси Майкл Райан: "Азыр биз инфекциянын экинчи толкунуна жете элекпиз. Биз биринчи толкундун ортосунда турабыз", - деген.
Анын айтымында, Европа жана Түндүк Американын өлкөлөрү коронавируска каршы күрөштү улантыш керек. Мындан тышкары дүйнөдө коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну байкала элек, бирок Борбордук жана Түштүк Америкада, Африкада жана Түштүк Азияда коронавирустун катталып жатканына караганда дүйнө жүзү инфекциянын биринчи толкунунун ортосунда турат.