Орусияда коронавирустан сутка ичинде 128 адам каза болду

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 363 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 128 адам каза болсо, 5 миң 915 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 695 (айыккандар 1434);

Санкт-Петербург шаарында - 215 (айыккандар 112);

Москва облусунда - 169 (айыккандар 122);

Нижегород облусунда - 153 (айыккандар 191) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 46 миң 370 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 18 миң 263ү каза болсо, 862 миң 373ү айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан