Таиланддын белгилүү Пхукет курорту туристер үчүн чек арасын 1-октябрдан баштап ачышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, Пхукет курортунан сырткары Таиланддагы Чианграй жана Чиангмай түндүк провинциялары дагы эс алуучуларды кабыл ала баштайт.
Туристтерге коюлган талап - саякатчылар келгенге чейин 72 сааттан кечиктирилбестен алынган COVID-19дун терс натыйжасынын алынышы, ошондой эле дагы бир жолу коронавируска каршы тесттен өтүшү зарыл. Ал эми саякат өзү даярдалган жерлерде жайгашуу менен белгилүү бир каттамдар боюнча жүрөт.