Каракол шаарында жергиликтүү тургундар бет кап тигип сатууда. Буга карабай бет кап тартыш

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын учурдагы абалы, элге коронавирус боюнча маалымат кандай жетип жаткандыгы тууралуу билип көрдүк. Учурда Каракол шаарында дүрбөлөңгө түшкөн эл жок. Көчөлөрдө адам сейрек жана айрым базарлар чекесинен ишин токтотуп жаткандыгы боюнча маалыматтар бар. "Ак-Тилек плюс" базарында ателье иштеткен Эльвира Чолпонбаева учурда 9 саат бою бет кап тигүү менен алек экенин айтты.

"Ак-Тилек плюс" базарынын ээси медициналык бет кап тигүүгө буюртма берген. Өзүм жалгыз жана тигүүчү машина бирөө эле болгондуктан, колдон келишинче аракет кылып жатам. Күнүнө 100дүн айланасында бет кап тигилип жатат. Базар ээсинин буюртмасы менен бет каптарды 25 сомдон баалап жатам. Ал эми башка жеке ишкерлер дагы бет кап тигип, 30 сомдон сатып жатышыптыр. Мага буюртма бергендер бет каптарды бекер таратып жатышат. Ал эми дарыканаларда дээрлик жок экендиги айтылууда. Мындан тышкары антисептикалык жана вируска каршы каражаттар кымбат сатылып жатат. 60 миллиграммдык антисептиктерди 120 сомдон сатып алдык.

Мындан 3 күн мурун Ысык-Көлдө да коронавирус катталды деген маалымат тарап кеткенде эл дүрбөлөңгө түшүп, азык-түлүктүн баасы кескин көтөрүлүп кеткен. Казакстандын уну 2000 сомго чейин чыккан. Азыр болсо кайра төмөндөп, 1500 сомдон сатылууда. Жергиликтүү ундар 1300-1350 сомдон сатылып жатат. Маалыматтарды интернеттен, гезиттен окуп, ошол жактагы кеңештер боюнча колу-бетибизди жууп, таза кармоого аракет кылып жатабыз. Коронавирусту жеңүүнүн негизги жолу тазалыкты сактоо экенин элге көбүрөөк жайылтып туруу керек экен", - деди Чолпонбаева.

Өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаал: 20-мартка карата Жалал-Абаддын Сузак жана Оштун Ноокат райондорунда 3төн жалпысы 6 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ноокат районуна өзгөчө кырдаал киргизилди. Буга чейин 18-мартта Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан