Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында кумшекер, ун, күрүч, май жана башка дан азыктарын сатууга чектөө киргизилди. Мындан ары бул азыктар ар бир адамга 5 килограммдан ашык сатылбайт. Бул тууралуу аталган шаардын инвестиция жана өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Ерлан Бекмырзаев билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда.
Учурда Нур-Султанда азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башка бардык дүкөндөр карантинге жабылган. Кафе, ресторандар тамак-аштарды кардарлардын үйлөрүнө гана жеткирип иштеп жатышат. Шаарга кирүүгө жана чыгууга тыюу салынган.
20-март саат 09:00гө карата алынган маалыматка ылайык, Казакстанда жалпысынан 49 адам коронавирус менен жабыркап жатат. Жаңы катталган учурлардын экөө Караганда облусунда экенин өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти деп жазышат казак басылмалары. Нур-Султан шаарында коронавирус жуктуруп алгандардын саны 25.