Дүйнөлүк маселеге айланган коронавирус кулачын жайып, жабыр тарткандардын саны өсүүдө. Кытайдын Хубэй провинциясында вируска каршы дарылануудан жана карантинден баш тарткандар кылмыш жообуна тартылат. Мындан тышкары, вирусту атайылап жуктурууга аракет кылгандар дагы жоопко тартыларын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Коронавирустун жаңы түрү менен жабыркагандар, анын белгилери байкалган адамдар карантинден баш тартса, вирусту башкаларга жуктурууга аракет кылса кылмыш кылганга тете жаза алышат. Ошондой эле медицина кызматкерлерине залал келтирип, аларга кол салууга аракет кылгандар, дарыгерлерди коомчулуктун алдында кемсинтип, коркуткандар, мамлекеттик жана менчик мүлктү зыянга учураткандар өзгөчө жаза алышары айтылат маалыматта.
Бийлик тарабынан келтирилген эрежелерге баш ийбегендер айыпка жыгылып же 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.