Таиландда коронавируска кабылган бейтаптарга роботтор кам көрүшүүдө

Таиланддагы Чулалонгкорн университети менен Advanced Info Service (AIS) уюлдук байланыш оператору 5G тармагындагы акылдуу роботторду ишке киргизди. Алар коронавируска кабылган бейтаптарга кам көрүү кызматын аткарышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, акылдуу роботтордун бир канчасы 3 медициналык жайда ишке киргизилген. Роботторго коюлган датчик аркылуу бейтаптын жалпы абалын, оорунун белгилерин дарыгерлер онлайн видео менен көрүп турушат. "Акылдуу роботтор Чулалонгкорн университетинин инженердик жана медициналык факультеттеринде жасалган. Алар коронавируска шектелип жаткан бейтаптардын дене табын өлчөп, ден соолугунун абалын көзөмөлдөп турат. Ошондой эле коронавирус менен күрөшүп жаткан бейтаптарга кам көрүүгө жөндөмдүү. Бул медицина кызматкерлеринин коронавируска кабылуу коркунучун алдын алат. Бул роботтор дарыгер менен бейтаптын ортомчусу боло алат", - деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Таиландда коронавируска 50 жаран кабылган. Алардын 33ү айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akmanai
2020-03-09 15:51:28
Жакшы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан