Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 2 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, оорудан каза болгон 2 бейтап тең Бишкек шаарында катталган.
Бул көрсөткүч менен коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 411ге жетти.