Бүгүн, 20-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 22 миллион 539 миң 975 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 14 миллион 415 миң 418 бейтап айыгып чыкса, 790 миң 515 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 572 миң 538 адамдан коронавирус аныкталды. 174 миң 201 адам каза болсо, 1 миллион 947 миң 35 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 3 миллион 456 миң 652 адамдан аныкталды. 111 миң 100 адам каза болсо, 2 миллион 801 миң 931 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 2 миллион 836 миң 935 адам вируска кабылган. 53 миң 886 бейтап көз жумса, 2 миллион 96 миң 664 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.