Коронавирус илдети менен күрөшүүдө алдыңкы сапта иштеген медицина кызматкерлеринин бир тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 24-августта Нарын, Ысык-Көл жана Бишкектен 200 ак халатчан эс алууга Ысык-Көлгө жөнөп кеткен. Алар "Алтын жай" пансионатында жарандарыбыздын ден соолугу үчүн көзгө көрүнбөгөн душман менен болгон узак күрөштөн кийин 7 күн бою эс алышып, ден соолуктарын калыбына келтиришмекчи.
"Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо тутумунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан кийин мерчемделген иш-чаралардын алкагында өкмөттүн колдоосу менен ишке ашырылууда", - деп жазылат маалыматта.