Кыргыз мамлекетинде коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.
Анын маалыматы боюнча, ооругандардын жалпы саны – 12 адам. Жаӊы очоктор Баткенде 1, жана Сузакта 5 адам аныкталды. Бейтаптар изоляцияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.
18-мартта Сузакта коронавирус үч кишиден аныкталган. Кечээ, 20-мартта Ноокатта коронавирустун жаңы 3 учуру катталганы жарыяланган.