Бүгүн, 3-май күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча брифинг өткөрүштү.
Брифинг учурунда акыркы кезде социалдык тармактарга ооруканадан айыгып чыкты делген жарандардын "мен ооруган жокмун, дары ичкен жокмун" деген кайрылуулары боюнча суроо узатылды.
"Бизде бейтаптар эки себеп менен ооруканага жаткырылат. Биринчиси, коронавирустун белгилери бар, дарылоого муктаж адамдар. Экинчиси, эпидемиологиялык көрсөткүч боюнча. Бул вирусту жуктурган адам оорубаса да, башка адамдарга ооруну жуктурбасын деп алдын алуу максатында жаткырылат. Ал адамда биринчи күнү оорунун белгилери байкалбаса, эртеси болушу мүмкүн. Ооруканага жаткырылган айрым жарандар "бизди жөн эле жаткырып коюшту" деп жатышпайбы. Алар ушул жагдайды туура түшүнүүсү керек.
Мисалы Европа өлкөлөрүндө, Орусияда вирустун белгилери жок, жеңил түрүн ооруканага жаткырбай, үйүндө эле дарылап жатышат. Бизде эмнеге андай ыкманы колдонушпайт деген суроолор жаралууда. Биз элдин менталитетин эске алуу менен коронавирус аныкталган бардык жарандарды ооруканага жаткыралы деген чечим кабыл алганбыз", - дейт Зуридин Нурматов.