31-мартта Москва шаарындагы төрөтканалардын биринде жаңы төрөлгөн ымыркай кыздан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дарыгерлер кыздын апасынан тест алган учурда андан дагы коронавирус аныкталган. Ымыркай кызды убактылуу башка оорукананын өзүнчө бөлүмүнө өткөрүп беришкен. Учурда кыздын абалы канааттандырарлык экени, апасы экөө дарыгерлердин өзгөчө көзөмөлүндө болуп жатканы жазылат маалыматта.
Акыркы маалыматтар боюнча, Орусияда 2 миң 777 адам коронавирус жуктуруп алган жана 24 адам бул оорудан каза болгон.