Коронавирус чуусунан улам коңшу Казакстан өлкөсү өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү сыртка чыгарууну убактылуу токтотту. Бул чечим аталган өлкөнүн айыл-чарба министрлиги менен соода жана интеграция министрлигинин сүйлөшүүсүнүн негизинде кабыл алынган. Бул тууралуу аталган министрликтин сайтына жарыяланды.
Казакстан өлкөсү 15-апрелге чейин төмөнкү азык-түлүктөрдү өлкөдөн чыгарууга тыюу салды: гречка, кумшекер, картошка, сабиз, пияз, капуста.