4-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 6 миллион 399 миң 230га жетти. Алардын арасынан 2 миллион 789 миң 573 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 384 миң 463 адам көз жумду.
Коронавирус эң көп жайылган АКШда 1 миллион 851 миң 530 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 479 миң 258 адам сакайып, 107 миң 148 бейтап каза болду.
Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен алышкандардын саны 584 миң 16га жетти. Андан 238 миң 617 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы, 32 миң 548 адам каза болду.
Орусияда 431 миң 715 адам коронавирус илдетин жуктуруп катталды. Арасынан айыгып чыккандар - 195 миң 559, көз жумгандар - 5 миң 208.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.