
Экс-депутат
Исхак Масалиев коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, бир аптадан бери обочолонууда. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Айтымында, абалы канааттандырарлык.
Өз билдирүүсүндө Исхак Масалиев коронавирус инфекциясына тест тапшыруу пандемияга каршы күрөшүүгө шайкеш эместигин айтат.
"Биринчиден, көпчүлүк жарандар үчүн тест тапшыруу жеткиликтүү эмес, баасы жогору. Мисалы менин текшерүүдөн өткөнүм 15 000 сомду түздү. Акысыз диагностика адам өтө кыйналып, оору курчуп кеткенде гана жүргүзүлөт экен. Милдеттүү түрдө жалпы диагностиканы киргизүү керек - акысыз же минималдуу баада. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасы реалдуу эместигине ишенем. Адамдар ушул инфекцияны жуктуруп алып, тилекке каршы, каза болуп жатышат", - деген.
Ошондой эле аны менен байланышта болгон жакындарын текшерүүнү мобилдик топтон өзү суранганын, мындан улам ооруп калган адам менен байланышта болгондорду текшерүү милдеттүү эмес окшойт деген пикирин кошумчалаган. Билдирүүсүндө Масалиев саламаттыкты сактоо министри коомго шоу көрсөткөндүн ордуна коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн бюджеттен кошумча каражат талап кылуу керектигин белгилеген.
Ал жалпы элге кайрылып, сак болууга жана эмдөөдөн өтүүгө чакырды.