Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө кечээ, 21-мартта кечинде жыйын болуп өттү. Анда жер-жерлерге коюлган блокпосттордун иштөө тартиби, тургундардын сыртка кирип чыгуусуна бөгөт коюу жана элге түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүүнү күчөтүү керек экендиги айтылды. Бир эле Жалал-Абад шаары жана Сузак району эмес, облустун бардык район-шаарларындагы абал талкууланып, аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалыматтар берилди.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошевдин маалыматына караганда, дубан боюнча 59 жерге блокпосттор коюлуп, күч түзүмдөрү 3 этап менен иштеп жатышат, жалпысынан 181 кызматкер тартылган.
Азык-түлүк менен камсыздоо тууралуу да сөз жүрдү. Ун тартыштыгы жок, жакынкы күндө Сузак районуна дагы кошумча ун келет.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов элге кайрылып, социалдык түйүндөрдө, WhatsApp мессенжеринде таркап жаткан ар кандай чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.