Өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу Бишкекте коомдук транспорттун каттамдары чектетилди (жеке маршруттар жана автобустар), ал эми троллейбустар штаттык режимде иштейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта каттамдардын схемалары өзгөртүүсүз ошол бойдон калары айтылат.

Троллейбустардын каттамы:

№ 4 – "Эт комбинаты – Кожзавод";

№ 5 – "Аламүдүн базары – Жал кичи району";

№ 7 – "Ак-Өргө жаңы конушу – Туңгуч кичи району";

№ 8 – "Лермонтов көчөсү – Ак-Өргө жаңы конушу";

№ 9 – "Дыйканчылык институту – Аламүдүн-1 кичи району";

№ 10 – "Эт комбинаты – Асанбай кичи району";

№ 11 – "Асанбай – Чыгыш автобекети";

№ 14 – "Жал кичи району – Киркомстром";

№ 17 – "Кожзавод – Асанбай кичи району".

Троллейбустардын иши боюнча Бишкектеги троллейбус башкармалыгына 0559733866 номуру боюнча кайрылса болот.