Өлкөдө 18-июнга карата дагы 95 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, ооруга чалдыккандардын ичинен:
Бишкек шаары - 49;
Чүй облусу - 14;
Ош шаары - 7;
Ош облусу - 7;
Баткен облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 6;
Талас облусу - 4;
Нарын облусу - 7.
Муну менен өлкөгө коронавирус илдети келгенден бери аны жуктуруп алгандардын саны 2 миң 657ге жетти. Анын ичинен 1933ү айыгып, ооруканалардан чыгарылган.