Кытай салттуу медицинасы менен батыш медицинасынын айкалышы коронавирустан айыгууну тездетет

Салттуу кытай медицинасы жаңы коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүдө чоң роль ойнойт. Мындай пикирди Хубэй провинциясынын саламаттыкты сактоо комитетинин директорунун орун басары Ту Юаньчао билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кытай Эл Республикасында вирусту жуктуруп алгандарды дарылоодо кытай салттуу медицинасы менен батыш медицинасынын айкалышы аркылуу дарылоо ыкмасы коронавирустан айыгууну тездеткенин изилдөөлөр көрсөткөн. Ал эми расмий маалыматтар боюнча Хубэй провинциясындагы бейтаптардын 91,6 пайызы жана жалпы Кытай Эл Республикасы боюнча 94,4 пайызы салттуу кытай медицинасынын ыкмалары менен дарыланганы айтылат.

Ага ылайык вирус менен күрөшүүдө 6 эффективдүү кытай салттуу медицинасынын дары-дармектери аталган.

1. Гранула Цзиньхуа Цинган
Бул дары 2009-жылы H1N1 сасык тумоо пандемиясынын учурунда иштелип чыккан. Ал 12 даана өсүмдүк заттарынан турат. Анын курамына: шилби, жалбыз (мята), кызыл мыя (лакрица) жана башка өсүмдүк заттары кирет. Бул дары чөптөр адамдын жогорку дене табын төмөндөтүүгө көмөктөшөт дешет кытай дарыгерлери.

2. Lianhua Qingwen Капсула/Гранула

Бул кытай салттуу медицинасында суук тийгенди жана сасык тумоону дарылоо боюнча эң көп колдонулган дары-дармектери. Айрыкча жөтөл, чарчап-чаалыгуу, чыйрыгуу сыяктуу симптомдорунан арылтууда жакшы жардам берет.

3. Xuebijing инъекциялары.

Аталган инъекциялар 2003-жылы курч респиратордук синдром эпидемиясынын (SARS) учурунда иштелип чыккан. Ал беш компоненттен турат. Анын негизги функциясы организмди токсиндерден тазалоо. Ошондой эле сепсисти дарылоо үчүн дагы колдонулат. Инъекция адам организминдеги органдардын функциясын калыбына келтирет.

4. Өпкөнү тазалоо үчүн колдонуучу чөптөрдүн кайнатмасы (отвар)

Дары чөптөрдөн турган аралашма бир нече классикалык Кытайдын салттуу медицинасынын рецептеринин негизинде жасалган. Ал 21 компоненттен турат. Аралашма өпкөнү тазалоого багытталганы менен организмдин башка органдарын дагы коргоочу функцияга ээ. Бул чөптөрдүн аралашмасынын кайнатмасын ичүү оор абалда жаткан бейтаптар үчун дагы сунушталат. Фактыларга келсек, бул аралашма берилген оор абалдагы 40 бейтаптын ичинен 28 адамы айыгып ооруканадан чыккан, ал эми 10 адам абалы жакшырып ,оор абалдан жеңил формага өтүшкөн.

5. Формула HuaShiBaiDu (Хуашибайду)

Кытай медицина илимдер академиясы тарабынан иштелип чыккан негизги рецепт. Ал 14 компоненттен турат. Дарынын формаласы жөтөлдү жеңилдетип, денедеги ысыкты кетирүүгө багытталган. Бул рецепт комплекстүү дарылоого колдонулат. Изилдөөнүн компьютердик томографиясы көрсөткөндөй бул дары вирустун өпкөгө болгон басымын 30 пайызга чейин төмөндөтөт.

6. Гранула XuanFeiBaiDu.

Аталган дармек 13 даана чөп компоненттеринен турат. Ал өпкөдөн токсиндерди чыгарат. Ошондой эле жеңил жана оор абалдагы бейтаптарды дарылоо үчүн колдонулат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй дармектин курамындагы компоненттер дене табын нормалдаштырып, коронавирустун клиникалык симптомдорунан арылууга жардам берет.

Эске сала кетүүчү нерсе, аталган дарылар коронавирус пневмониясынын баштапкы стадиясынын профилактикасы үчүн; коронавирустун жеңил формасы менен ооруп жаткандар үчүн; батыш медицинасын айкалыштыруу менен оор абалда жаткан бейтаптарга байкоо жугүзүү жана дарылоо үчүн; ооруканадан чыккан бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн колдонулат. Жалпасынан салттуу кытай медицинасынын дары-дармектери адам организми үчүн коргоочу фунцияны аткарат.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sirenaaaaa
2020-03-22 16:49:15
Оорууну чыгарып алышып эми дары сатып бизнес баштайлы дешкениби мактанып
+3
Nuri1988Elim2010
2020-03-22 18:36:29
sirenaaaaa,точна
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан